super.kg logo

"Улуттун саламаттыгынан шан-шөөкөттү бийик койбогула". Ошто мектептерде бүтүрүү салтанатын өткөрбөөгө эскертүү берилди

 

Ош шаарынын аймагындагы кырдаалга байланыштуу мектептердеги быйылкы жана мындан бир нече жыл мурда мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жолугушууларына, бүтүрүү салтанатын өткөрүүгө уруксат берилбейт. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымат таратышты.

Бүгүн, 25-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Мурат Боронов тарабынан башкармалыктын бөлүмдөрү менен кызматтарына кошумча тапшырмалар берилген.

"Ош шаарынын аймагындагы бардык мектептер ата-энелер комитеттери менен байланыштарды күчөткүлө. Кымбат унаалары менен Ош шаарынын көчөлөрүндө, шаардан сырткары эс алууга чыгууга жол берилбейт. Талапты, тартипти бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Ушундай эле талап 10-20-30-жылдык жолугушууларды өткөрүүгө келгендерге дагы коюлат", - деп билдирген Боронов.

"ШИИБ жетекчилигинин талабына ылайык, жакынкы бир нече күн аралыгында Ош шаарынын аймагындагы мектептер менен милиция кызматкерлеринин байланышы күчөтүлөт. Сурамжылоо иштери жүргүзүлөт. Шаардын кире беришиндеги санитардык-карантиндик посттор тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлөт. Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Ош шаарына жакын жайгашкан эс алуу жайларына патруль уюштурулду.

Кымбат унаалардын айдоочуларына дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ушундай кырдаалда өлкө коопсуздугунан, улуттун саламаттыгынан шаан-шөкөттү артык көрүп, мектептерде жана башка жайларда көпчүлүктүн башын бириктирип, салтанат уюштурган же өткөрүүнү ниеттенгендер тууралуу маалыматыңыздар болсо 03222-4-82-82 жана 102 телефондору аркылуу кабарлап коюушуңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: