super.kg logo

Бир суткада эки адам каза болду. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин онлайн маалымат жыйыны (видео, хронология)

 

Бүгүн, 25-майга карата саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын берди. Анда өлкөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу сутка ичиндеги жаңы жагдайлар айтылды.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-25 10:08

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 1 медицина кызматкери сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 280и  жуктуруп алды. Алардын ичинен 231и стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-25 10:07

Бир сутка ичинде СOVID-19 инфекциясынан 2 бейтап каза болду.
Бир бейтап Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев. Ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан каза болду.

Экинчи бейтап 67 жаштагы эркек киши. Ал Жайыл аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө каза болду. 

Жалпы каза болгондордун саны 16.

2020-05-25 10:05

 25-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын дагы 30 адам жуктуруп алды.

Бишкек шаары – 9 + 8 Санкт-Петербург шаарынан келгендерден;
Чүй облусу - 1;
Нарын облусу - 5;
Ош шаары - 3;
Ош облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 2;
Баткен облусу - 1.

2020-05-25 10:03

12 бейтап айыгып чыкты. 

Бишкек шаары– 6;
Жалал-Абад облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ош облусу – 3.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: