super.kg logo

"Экинчи жолу төрөлгөндөй болду". Челябинск шаарындагы жол кырсыгы көпчүлүктү толкундантты (видео)

 

Орусиянын Челябинск шаарында унаа эл баскан тротуарга чыгып кеткен. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, аны көргөндөр ошол маалда көчөдөн өтүп бараткан адам үчүн бир сыйра толкунданып алышкан.

Орус маалымат булактары жазышкандай, унааны 40 жаштагы аял киши башкарып бара жаткан.

"Айдоочу рулду башкара албай биринчи бордюрду сүзүп өтүп, андан ары жөө адамдар жүрүүчү тротуарга чыгып кеткен да дүкөндү сүзүп токтогон. Күбөлөр пяточок деп аталган жерде адамдар көп боло турганын айтышкан. Эч ким жабыркаган эмес. "Унаа тротуарга учуп чыкканда ал жактан бир адам өтүп бараткан, ал экинчи жолу төрөлгөндөй эле болду го" деген окуяга күбө болгондордун бири. Жол кырсыгынан айдоочу аял өмүрүнө анча коркунуч келтирбеген жаракат алган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






Челябинск, Орусия. 40 жаштагы аял айдоочу унаасын башкара албай эл баскан тротуарга чыгып кеткен

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.05.2020. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тездиктин пожарный менен скорыйдын
25.05.2020. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгер бир мигрант болгондо орустар жамандап согуп жатып калышмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: