super.kg logo

Мамлекет жетекчилери экс-спикер Мукар Чолпонбаевди эскеришти

 

Мамлекет жетекчилери экс-спикер Мукар Чолпонбаевди эскеришти. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мукар Чолпонбаев дасыккан юрист катары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн, мамлекеттүүлүгүнүн негизин түзгөн мыйзамдарды даярдоого, өлкөнүн көз карандысыздык декларациясын жарыялоо процессине активдүү катышкан. Ал эгемендүү мамлекетибиздин алгачкы Конституциясын жазууга тажрыйбалуу укукчу катары да түздөн-түз катышкан. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышына жана бекемделишине, өлкөнүн парламенттик системинин, укуктук негизинин калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы өлкөнүн тарыхында калат.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, кайгы азасын тең бөлүшөбүз.

Көрүнүктүү инсан Мукар Шалтаковичтин жаркын элеси элибиздин, мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат", - деп жазылат эскерүүдө.

Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева, Дастанбек Жумабеков, Мухаммедкалый Абылгазиев, Гүлбара Калиева, Таалай Акматов, Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Өмүрбек Текебаев жана башкалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: