Жакшы жаңылык! Бишкекте сейил бактар ачылат

Бишкектеги сейил бактар жана бульварлар ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Урматтуу жарандар, бизде жакшы жаңылык бар! Шаардагы сейил бактар, бульварларды ачабыз. Шаардык сейил бактар муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиевага жарандардын коопсуздугу үчүн санитардык нормалар менен эрежелердин сакталышын камсыз кылуу тапшырылды.
Урматтуу жарандар, сизди этият болууга, аралыкты сактоого чакырабыз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.