Мэрия: "Бишкектеги жаңы ачылган сейил бактагы селкинчектин отургучтарынан тартып таштанды урналарынан бери уурдап кетишти"





Бишкек шаарында жаңы ачылган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бакка вандалдар кол салды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, белгисиз бейбаш адамдар Түлөбердиевдин эстелигиндеги тамгаларды атайылап жулуп салышкан.
"Тамгалар атайын бир курч курал менен чыгарылган. Алгач биз ага габбро плиталарын колдонууну пландаганбыз, бирок бул таштар менен тамгалар даяр болгонго чейин убактылуу тамгалар коюлуп турган болчу. Тамгаларды чыгарып кеткенден тышкары балдар аянтчасындагы селкинчектин отургучун, жаңы коюлган таштанды урналарды да көтөрүп кетишкен. Ал эми жалаң бөтөлкө салуу үчүн орнотулган таштанды бакка жалпы эле аралашкан таштандылар салынган.
Азыр сейил бакка камералар орнотулду. Алар бир апта ичинде иштей баштайт.
Урматтуу шаардын жашоочулары, жалпы элдин мүлкүн талкалоонун кереги жок. Аны калыбына келтирүүгө жана оңдоого акча каражаты жана адамдын күч, мээнети кетет.
Эгер сиздер да коомдук мүлктөрдү бузуп, тоноп, талкалап жаткандарды көрсөңүздөр милицияга - 102 номуруна кабарлап коюуңуздар", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Көрбөгөндүн көргөнү курусун деген ушул да.
Кой үстүндө торгой жумурткалаган заман болсо ким уурдасын,өзүңөр куноолусунор чоңдор