super.kg logo

Японияда өзгөчө кырдаал режими толугу менен алынды

 

Япониянын бардык аймактарынан өзгөчө кырдаал режими толугу менен алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ апрель айында өлкөгө киргизилген чектөөнү жокко чыгарды. "Өзгөчө кырдаал режими өлкөнүн бардык аймактарынан алынды", - деп билдирген Абэ.

Белгилей кетсек, 8-апрелде алгач Токионун аймактарына жана 6 башка префектураларына өзгөчө кырдаал киргизилип, кийин бардык аймактарга жарыяланган. Абэ өлкө 1 жарым айда эпидемия менен күрөшө алды деп билдирип, бирок коронавирустун экинчи толкунуна жол бербөө үчүн элдин бардык эрежелерди сактоосун сунуштады. Эгер эпидемиологиялык абал кайра начарласа, өзгөчө кырдаал режимин кайра киргизүүгө туура келерин белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: