Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Тажикстанга Кытайдан дарыгерлер жардамга келишти
Кытайдын Шэньси провинциясынын 14 вирусологу коронавирус инфекциясынын алдын алууда тажикстандык кесиптештерине жардам берүү үчүн атайын чартердик каттам менен Дүйшөмбү шаарына учуп келишти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Мындан тышкары кытай тарап аталган учак менен Тажикстанга 15 жасалма дем алдыруучу аппарат, дары-дармек жана коргоочу костюмдар болуп жалпы 700 миң долларлык жардам жөнөтүшкөн.
Акыркы катталган маалыматка ылайык, Тажикстанда коронавирус инфекциясы 2 миң 929 адамдан аныкталды. Алардын ичинен 41 адам каза болсо, 1 миң 301 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.