super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсү менен Канаданын тышкы иштер министрлери коронавирустун кесепеттерин жоюу боюнча маселесин талкуулашты

 

Кечээ, 25-майда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампань менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда тараптар COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. Эл аралык финансы институттарынын алдындагы Кыргыз өлкөсүнүн карыздык оорчулугун жеңилдетүү маселеси өзүнчө талкууланды. Министр Чыңгыз Айдарбеков бул багытта көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн Канадага ыраазычылык билдирди.

Тажрыйба алмашуу үчүн COVID-19 менен ооругандарды дарылоого түздөн-түз тартылган эки өлкөнүн медициналык эксперттеринин ортосунда жумушчу байланыштарды орнотуу жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү планында ошондой эле өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды диверсификациялоо, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, гуманитардык байланыштарды колдоого алуу жолдору каралды. Алдыда боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштардын графиги талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: