super.kg logo

“Керемет Банктын” Кыргызстандагы бизнести колдоо үчүн атайын насыялоо программасы

 

«Керемет Банк» ААК COVID-19 пандемиясынан жабыр тарткан ишкерлерди атайын насыялоо программасын иштеп чыкты. Коронавирустук инфекциянын кесепеттерин жоюу жана толук баалуу ишти калыбына келтирүү үчүн ата мекендик бизнеске убакыт талап кылынарын түшүнүп, «Керемет Банк» ишкерлерге банктын насыялык ресурстарын пайдалуу шарттарда колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Ата мекендик ишкерлерди колдоо боюнча чаралардын алкагында “Керемет Банк” пандемиядан түз же кыйыр жабыр тарткан бизнести жаңылоого жана калыбына келтирүүгө “БИЗНЕС-КОЛДОО” максаттуу насыясын бере баштады.

“БИЗНЕС-КОЛДОО” атайын насыясынын шарттары:

суммасына жараша жылдык 13%дан 16%га чейинки пайыздык коюмдар;
насыялоо суммасы - 200 000 сомдон баштап;
насыялоонун максималдуу мөөнөтү - 5 жыл, мында жүгүртүү каражаттарын толуктоо максаттарына мөөнөт 3 жылдан 4 жылга чейин көбөйтүлгөн;
бизнести калыбына келтирүү мезгилинде насыянын негизги суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн узартып берүү мүмкүнчүлүгү;
насыяны берүү үчүн комиссиясыз насыялар.

Кошумча артыкчылыктар – насыяны тариздөө үчүн ылдам кароо, ыңгайлуу шарттар жана талаптар.

“Керемет Банктын” карыз алуучуларында насыя боюнча төгүмдөрдү кеңсеге келүүсүз аралыктан жөнөтүү мүмкүнчүлүгү да дайыма бар: төлөм терминалдары жана банкоматтар (cash-in кызматы бар) аркылуу накталай акча менен же кеңири банкоматтык тармак аркылуу накталай эмес ык менен, ошондой эле мобилдик жана интернет-банкингдин https://keremetbank.kg/kg/news/661 жардамы менен.

«Керемет Банк» экономиканын ар кыл секторлорун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, кардарларына оор мүнөттө көмөк көрсөтүүгө дайыма даяр.

Көңүл буруңуз: атайын өнүм боюнча каражаттар чектелген!

Сунуш тууралуу кенен маалыматты “Керемет Банктын” каалаган тейлөө чекитинен же күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборунан +996 312 55 44 44 телефону боюнча алууга болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.05.2020. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефон чалсам албай жатышатго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: