super.kg logo

Жогорку Кеңештин комитети Нарындын айылдарын суу менен камсыздоо программасын ишке ашыруу боюнча мыйзам долбоорун колдоду

 

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин комитети Нарындын айылдарын суу менен камсыздоо программасын ишке ашыруу боюнча мыйзам долбоору каралды.

Баяндаманы Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев жасады.

“Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын” ишке ашыруудагы финансылык каражаттарын Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы баасы 32 миллион 900 миң доллар берилет.

Азия өнүктүрүү банкынын атайын фондусунун гранты - 13 миллион 700 миң доллар;

Азия өнүктүрүү банкынын жеңилдетилген насыясы - 13 миллион 700 миң доллар;

Өкмөттүн кош каржылоосу - 5 миллион 500 миң доллар.

Насыя 32 жылга 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен 1 пайыз, кийинки ар бир жылга 1,5 пайыз аркылуу берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 6 жыл.

Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети мыйзам долбоорду колдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: