super.kg logo

Бүгүн, 26-майда Москва шаарынан Бишкекке чартердик каттам менен 372 жаран учуп келет

 

Бүгүн, 26-майда Москва шаарынан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 372 жаран учуп кетти. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.

"Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун Орусиядагы Кыргыз жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык 26-майда Москва шаарынан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 372 жаран учуп кетти. Бул каттам менен 5 айдан 8 айга чейинки мөөнөттөгү 319 кош бойлуу аял, ошондой эле 2 жашка жете элек балдары менен 53 эне жөнөтүлдү.

Ошондой эле бул каттам менен баасы "эконом-класс" багытындагы орундардан 6 эсе жогору "бизнес-класс" багытынан орун алган 26 жаран жөнөтүлдү. Негизинен алар оорукчан жарандар, ошондой эле жакындарынын каза болгондугуна байланыштуу чыккан аялдар болду. Мындан сырткары Орусия тарабынан бул каттамга Орусиянын жарандары болуп саналган 5 жаран киргизилди.

Аталган авиакаттам менен учуучу жүргүнчүлөрдүн тизмеси Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы тарабынан сунушталган Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарынын өкүлдөрү жана дарыгер, юристтер кирген байкоочу кеңештен турган жумушчу топтун жыйынында бекитилди. Жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө бардык маалымкаттар текшерилип, кош бойлуулар катталып, УЗИ корутундуларын алган тийиштүү медициналык мекемелерге чалышып, аныктыгы тастыкталды.

Дарыгерлердин корутундусу боюнча 33 кош бойлуу аялга учууга уруксат берилген жок, себеби мөөнөтү чоң болгон жана ар кандай патологиялары катталган", - деп билдиришет мекеменин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
26.05.2020. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы иш болуптур!Аллахым бизге да тезиреек уй-булолорубуздун жанына аман-эсен жетип алышыбызды насип кылсын.
26.05.2020. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшф го, 319+400 кош бойлуу жөнөтушсө, баары аман эсен жетип бошошуп алышсын
26.05.2020. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушинтип алып келе беришсе чет олкодон,Кыргызстан коронавирустан эч бир арылбайт.
26.05.2020. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
titanik32,сиздин кош бойлуу, же балалуу жакыныныз, же озунуз чет жерде болгонунузда башкача ой жугуртмоксуз..., озумчулдуктун да чеги болот...
elgul4 түзөттү 2020-05-26 13:42:44
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: