super.kg logo

Билим берүү министринин орун басары: "Бала бакчалар боюнча мониторинг жүргүзүлдү"

 

Билим берүү жана илим министрлиги менчик жана мамлекеттик бала бакчалар боюнча мониторинг жүргүзгөн. Анда аймактарда канча ата-эне баласын бала бакчага берүүгө даяр экени аныкталган.

Бул тууралуу бүгүн, 26-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйын учурунда айтты.

“Билим берүү министрлиги мамлекеттик, муниципалдык жана менчик бала бакчалар боюнча мониторинг жүргүздү. Мониторингдин жыйынтыгында республика боюнча 9000ге жакын бала бала бакчага барары маалым болду. Ар бир бала бакчада тиешелүү органдар мүмкүнчүлүк берсе биз ошол бала бакчаларды иштетүүгө даярбыз. Балдардын коопсуздугу биринчи кезекте каралгандыктан, биз тиешелүү кызматтардын уруксатынан кийин гана бала бакчаларды жандандырууга өтөбүз”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: