Депутат Жолдошбаев: "Бишкектеги Кулиев көчөсүндөгү үйлөр башка нерселерге колдонулуп жатат"
"Бишкектеги Кулиев көчөсүндөгү үйлөр башка нерселерге колдонулуп жатат" деп бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.
"Бишкек шаарында канчалаган мейманканалар бош туруп, үйлөрдүн баарын мейманкана кылып алышкан. "Ош базардын" жанындагы Кулиев көчөсүн өзүнчө базар жасап алышкан. Ал жердеги үйлөр мейманкана эле эмес, башка керексиз нерселерге колдонулуп жатат. Кээ бир жерлерде үйлөрдү башка формада пайдаланып жатышат.
Ленин районунун акими бир канча миллион сомду алып, көчөгө видео көзөмөл жасап жатат. Ал жер үй эмес, батир эмес же сойкукана эмес. Мен ошол райондун депутатымын унаа менен өтүп көп көрөм. Чынын айтканда, ачык эле соода кылып калышкан. Ушуну жоюу керек", - деди Жолдошбаев.
Жолдошбаев депутат Жанар Акаевге: "Кулиев көчөсүндөгү мейманканаларды көрсөңүз, шарттары жок, мен сизге жүрүңүз көрсөтүп келейин. Тиги жакты, бул жакты көрөлү деп айтайын", - деп айтты.
Айрым мыйзам актыларына (Турак жай кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат.


Арзанына карап!