super.kg logo

Кубанычбек Жумалиевге катталган мүлктөр аныкталды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ага тиешелүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Башкы прокуратура тарабынан катталган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган. Анда Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналат экен. Ошондой эле Кубанычбек Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат.

Буга чейин Ички иштер министрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кайрылып, социалдык түйүндөрдө Сыймык Жапыкеев деген жаранга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу кайрылган. Анда Жапыкеев Жумалиевге карата жалган маалыматтарды таратып, анын үй-бүлөсүнүн миллиондогон байлыктары мыйзамдарды бузуу менен топтолгонун, байлыгы менен мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөткөн. Буга карата ИИМ мурдагы прокурорго иш козгогон.

Ал эми бүгүн, 26-майда мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктарына жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: