Исхак Масалиевдин ордуна Нургазы Айдаров Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды
Бүгүн, 26-майда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Нургазы Айдаровго депутаттык мандат тапшырылды. Ал Исхак Масалиевдин ордуна келди.
21-майда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын жарыялаган. Ал коомчулукта өкмөттүн, парламенттин, спикердин ишин сындагандар көп болуп жатканын айткан. Ошону менен катар эле ал парламентте, өкмөттө бардык депутаттарга бирдей мамиле болбой жатканын кошумчалаган.
Нургазы Айдаров "Кыргызстан" фракциясынан депутат Салайдин Айдаровдун бир тууганы болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

