super.kg logo

"Биз пандемиянын жоопкерчилигин албайбыз!" Аргентинада медицина кызматкерлери каршылык акциясына чыгышты

 

Аргентинада медицина кызматкерлери жана аларды колдогон жөнөкөй жарандар нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Нааразы болгон медицина кызматкерлери жана алардын тарапташтары Кордова провинциясындагы Рио-Куарто, Карлос-Пас жана Альта Грасия деген 3 шаардын көчөлөрүнө чыгышты. Алар саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин дарегине айтылган коркутууларга, алардын укугунун тебеленүүсүнө жана маянанын аздыгына нааразы болушкан. "Бизге катаал мамиле кылууну токтоткула!", "Биз бул пандемиянын жоопкерчилигин албайбыз", "Бизди күнөөлөгөндү токтоткула!", "Биз баатыр дагы, адам өлтүргүч да эмеспиз, биз дарыгербиз" деген лозунгдар менен чыгышкан. Медицина кызматкерлери айлыктарынын төмөн болгондугун жана ар дайым кечиктирилип берилерине арызданышкан.

Көчөлөрдө жүргөн жөнөкөй тургундар, айдоочулар да медицина кызматкерлерин колдоого алышкандыктан 3 шаарда тең жолдордо тыгын пайда болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: