super.kg logo

"Биздин кыймылдын артында Мыктыбек Абдылдаев дагы, ЦРУ да, Путин дагы жок". "Чоң казаттын" лидери журналисттердин суроолоруна жооп берди (видео)

 

Бүгүн, 26-майда Ленин райондук сотунда "Чоң Казат" кыймылынын лидери Максат Мамытканов журналисттердин суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу видеону кыймылдын дагы бир мүчөсү, юрист Канат Хасанов социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

Ага ылайык, Максат Мамытканов райондук сотко Сыймык Жапыкеевди колдогону келгенин билдирген. "Жапыкеевдин кыргызча айткан сөздөрүн экспертиза жасоодо орусчага туура эмес которуп, учурда ушундай иштер болуп жатат" деген ал.

Андан соң Мамытканов журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берген.

"Силердин кыймылдын артында депутат Мыктыбек Абдылдаев турабы?" деген суроого Мамытканов "Биздин артыбызда Мыктыбек Абдылдаев дагы, ЦРУ дагы, Путин дагы турбайт" деп жооп берди.

Ал эми "Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү тууралуу маалыматты кайдан алып жатасыңар?" деген суроого "Эл билет, ошолор айтып жатат, элден эч нерсе жашыра албайсың" деген жооп айтылды.

Мындан тышкары Максат Мамытканов "Таза балдар гана, таза иштей алат, учурда аларды кантип алып келебиз деп жолдорду издеп жатабыз" деген оюн билдирди.

Буга чейин депутат Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Сыймык Жапыкеевдин социалдык тармактагы видеокайрылуусунда жеке адамдын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирип сүйлөгөндүгү үчүн Ленин райондук сотуна доо арыз менен кайрылганын билдирген.






"Биздин кыймылдын артында Мыктыбек Абдылдаев дагы, ЦРУ да, Путин дагы жок" "Чоң казаттын" лидери журналисттердин суроосуна жооп берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
27.05.2020. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми Кыргыз элинин көзүн ачайын деп жатат да , ооба анын өтө буху толгон адам.Мына уялчаак депутаттыбыз сойкуларга нааразы экен , иши бүткөндөн кийин жуунучу жайы начар экен .Балким карылык жагына байланыштуу нааразычылык болгондур. Ушундай нерсеге кандай көз жумуп отурабыз туугандар. Жинди кылышат го бул ВИРУСТАР.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: