super.kg logo

Жөргөмүш адамга айланабыз деп 3 ага-ини каракуртка өздөрүн чактырышкан

 

Боливиянын Чайянта провинциясында жашаган 3 ага-ини жөргөмүш адам болобуз деген ишеним менен эң уулуу деп эсептелген каракуртка өздөрүн чактырышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

8, 10, 12 жаштагы балдар жөргөмүш адам тууралуу мультфильмдеги каармандан таасирленип, жөргөмүш чакса, супер баатырга айланабыз деп ойлошкон. Тилекке каршы, жөргөмүш чаккандан кийин балдардын ичи ооруп, жүрөгүнүн согушу күчөгөн. Балдарынын абалын көргөн энеси тез арада жергиликтүү ооруканага жеткирген. Ал жактан берген дарылар балдарга жардам бербей, Льяльягуа шаарындагы ооруканага которушкан. Ал жактан да ага-инилерге жардам бере алышпай, Ла-Пас шаарындагы балдар ооруканасына жеткиришкен. Балдар ооруканасында үчөөнө атайын курт-кумурскалар чакканына каршы дарыны берип, аман алып калышкан. Жөргөмүш адам болгусу келген ага-инилер 5 күн дарыланган соң ооруканадан чыгарылган.

Өлкөнүн эпидемиология жана саламаттыкты сактоо министри Виржилио Пьетро бул окуя тууралуу коронавирус эпидемиясына байланыштуу пресс-конференцияда айткан. "Балдар үчүн мультфильмдеги каармандар чыныгы жашоодогудай сезилиши мүмкүн. Андыктан бул нерсеге ата-энелер көңүл бөлүүсү керек", - деген министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
26.05.2020. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ажабоо
26.05.2020. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Хахаха
27.05.2020. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бала деген ушундай ичинде кири жок затта, ооба балдарга айтып туруш керек бул деген мультфильм жомок деп!
27.05.2020. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаш балдардын жашоосуна, аң сезимине пайда берген пайдалуу мультфильмдер абдан көп, ошолордун коюп бериш керек, адамга терс таасир берген мультфильмдер балдардын аң сезимин бузат, буга ата энелер көңүл бурушу керек.
27.05.2020. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андай мультфильм чыгарганга тыюу салышсын да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: