super.kg logo

Тукумсуздук менен жабыркаган аял карантин маалында кош бойлуу болуп, 3 эм күтүүдө

 

Тукумсуздук менен жабыркаган Англиянын Ипсуич шаарынын тургуну изоляция маалында боюна бүтүп, учурда 3 эм күтүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

29 жаштагы Шеннон Стилге 15 жашында поликистоз синдрому (урук бездеринин ичи-тышын былжырлуу шишиктин капташы) диагнозун коюшкан. Анын натыйжасында Шеннонду келечекте тукумсуз болуп калышын айтышкан. Шеннон турмушка чыккан соң күйөөсү менен балалуу болууга көп аракет кылышкан. Акыры жыйынтык чыкпаган соң ЭКУ (жасалма уруктандыруу) ыкмасын жасоону пландап жүрүшкөн. Мартта коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин жарыяланган учурда Шеннон кош бойлуу экендигин билген. Анда да бир эмес, 3 эм күтүп жатканы алар үчүн күтүлбөгөн кубанычтуу кабар болгон. "Мени бир гана капалантканы, пандемия учурунда боюма бүткөнү болуп жатат. Ооруканага гана барганым болбосо, башка эч жакка чыга албай, дос, туугандарым менен көрүшүп, кубанычым менен бөлүшө албаганыма ичим ачышып жатат", - деген Шеннон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
26.05.2020. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ичин ачышпай отуруп тур эми Шеннон
27.05.2020. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аман эсен коз жарып ал эми!!!
27.05.2020. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эми деле айтса жетишет, сөзсүз эле боюна бүткөн күнү кубанычын бөлүшүш керек бекен
27.05.2020. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сүйүнүчтүү кабарымды дос туугандарым менен бөлүшө албай атам дейт го. Дос тууган турсун океандын ары жагындагы бизге чейин жетти го сүйүнүчтүү кабарың. Эсен аман көз жарып ал
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: