super.kg logo

Жүрөктүн үшүн алат. Тоодон түшүп келе жаткан кичинекей баланы аңдыган аюунун видеосу тарады

 
Социалдык тармактарда жүрөктүн үшүн алган видео тарады. Анда тоодон түшүп келе жаткан баланын артынан аюу аңдып келе жатканы тартылган.
Бала дүрбөлөңгө алдырбастан, кадр сыртындагы адамдын айткандарын жасаган. Ал эми аюу улам алдыңкы буттарын көтөрүп чабуул жасачудай түр көрсөткөн. Бир маалда бала апасын чакырып кыйкырганын укса болот. Бирок ал акырындан аюудан алыстап, коопсуз жерге жете алган.
Видео пайда болгондон кийин, аюуга жолуккан 12 жаштагы Алессандро аттуу Италиянын тургуну экени маалым болгон. Ал апасы жана анын шериги менен тоо жакка эс алганы барып, ушундай окуяга туш болгон. Колдонуучулар мындай кооптуу абалда калган баланы камерага тартышкан деп коштоп жүргөндөрдү сынга алышкан.
Зоологдордун айтымында, аюулар жырткыч жаныбар болсо да, көпчүлүк учурда тынч келишет. Бирок анын жашаган аймагында адамдын жүргөнүн көрсө, аны коркунуч катары баалап, кол салган учурлар кездешет.





Италия. 12 жаштагы Алессандронун артынан аңдып түшкөн аюунун видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
27.05.2020. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коркуп калыптыр бечара.
27.05.2020. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баракелде дейт го
27.05.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой суротко тушушкон! Селфи жасашкан булар!
27.05.2020. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токойго баргыс болду го байкуш бала
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: