super.kg logo
  Саясат  

Талас. Талас шаарында заманбап жол чырактар орнотулууда

 

Талас шаарынын мэриясы тарабынан шаардын көчөлөрүндө бүгүнкү күндө талапка жооп бере турган жаңы, заманбап жол чырактар орнотулууда. Бул боюнча “Супер-Инфо” гезитинин облустагы филиалына шаар башчы Анарбек Кушубеков билдирди. “Бул биздин жыл башындагы иш планыбыздагы аткарыла турган жумуштардын бири эле. Бүгүнкү күндө алты жолдун кесилишине заманбап жол чырактар коюлуп, иштеп баштады. Андан башка дагы эки жерге мурдагы жол чырактар коюлат. Муну менен Талас шаарынын дээрлик борбордук көчөлөрү жол чырактар менен камсыз болот. Бул иш-чарага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 миллион 870 миң сом сарпталды. Бюджетти экономдоп колдонуунун натыйжасында жол чырактарды өтө төмөн баада орнотууга жетиштик. Ал эми шаардын калган көчөлөрүнө жол чырактарды орнотууга эмки жылдардан баштап аракет кылып баштайбыз",- деди мэр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: