super.kg logo

Ошто "Казак" деп таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "зордуктоо" беренеси менен 10 жылга эркинен ажыратылды

 

Ош шаарында "Казак" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-май күнү Ош шаардык сотунун өкүмү менен соттолуучу М.У. 161-берене "жашы жете электигин билип туруп зордуктоо" менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды.

Бул иш боюнча соттолуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары тандалып алынган үй камагы түрү өзгөртүлүп, камакка алынуусу көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, өкүм акыркы эмес жана нааразы тарап аппеляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу.

Буга чейин кылмыш чөйрөсүндө "Казак" каймана аты менен белгилүү М.У. Ош шаарындагы "Скай-бар" түнкү эс алуу борборунда 23 жаштагы тургун менен сөз талаша кетип, аны миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайып, андан ары изин жашырып кеткен. Андан соң анын үстүнөн Ош шаарынын тургунунан арыз келип түшкөн. Анда 16 жаштагы кызды шектүү күч колдонуп, Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда зордуктап койгону жазылган. Ал эми 17-январда судья Айнура Сулайманованы ээлеген кызматынан мурда бошотуу жөнүндө жарлыкка президент кол койгон. Судья Айнура Сулайманова 8-январда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Умар Маратовду (Казак) үй камагына чыгарган. Анын мындай чечими коомчулукта чоң талкуу жараткан.

Ал 17-январда Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү "Народный" дүкөнүнүн алдында катталган каракчылык фактысына катыштыгы бар экени аныкталып, кармалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.05.2020. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Буга окшогон каракчы, арам тамактарга бул жашоодо жашаш өзү арам, булардын орду түрмө же кабыр болуш керекко.
27.05.2020. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушуларды жаны кодекс, амнистия ж.б. деп, акчасын алып, элди алдап эле кайра кое беришуудо да. СССР болгондо булар атылып кетет эле ушул жоруктары учун.
27.05.2020. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тооба кылдым, бирок кебетеси катынга эле окшошко, анан кантип 15 жаштагы кызды зордуктады деймда, озу катын болуп туруп. Ылайым турмодон тируу чыкпасын, кыздарды какшаткан зоокурлор.
27.05.2020. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда Бир да бизнес кылгым келбейт ушуга окшогондор куйгузот кунндо келе берип милицияга кайрылсан анча мынчада болуп турат иним деп койушат болду. Россияда иш кылсанда мени тааныйсынбы мен муноону адамымын дегендер да коп ушуга окшогодорду жок кылышыбыз керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: