Кант диабети менен ооруган балдарга кам көрүү үчүн 8 мектепте медициналык кабинеттер ачылат



Бишкек шаарында жана Чүй облустарындагы 8 мектепте медициналык кабинет ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Билим берүү жана илим министрлиги “Кант диабетисиз балалык” коомдук бирикмеси менен биргеликте кызматташуу меморандумуна кол койду. Документ жалпы билим берүү уюмдарында кант диабети менен ооруган балдарга квалификациялык медициналык жардам берүүнү көздөйт.
Меморандумга ылайык, мектептерде медициналык кабинеттер ачылат. Алар тиешелүү жабдыктар менен жабдылат (компьютер, муздаткыч, кант диабети боюнча методикалык колдонмолор жана башка).
Мындан сырткары кант диабети менен ооруган балдар жана өспүрүмдөргө туура медициналык жардам берүү, медайымдарга кеңештер, тегерек столдор жана түрдүү иш-чараларды уюштуруу мерчемделген.
Эң башкысы - бул медкабинеттерде башка оорулар менен ооруган балдарга да жардам берилет.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги “Кант диабетисиз балалык” коомдук бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаарындагы төрт мектепте ушундай медициналык кабинеттерди ишке киргизген", - деп айтылат маалыматта.

