Депутат: "Эки орусиялык канал көрсөтүлсүн деп бюджеттин эсебинен каражат бөлүп жатабыз"
Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңеште “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Анда депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоору менен 2023-жылга чейин 2 орусиялык каналга жарнак рынокко киргенге уруксат берилип жатканын айтты. "Биз бул эки каналга мультиплекстен акысыз орун бергенбиз. 2023-жылга чейинки берүүлөрү үчүн алдын-ала элдин акчасын төлөп берип жатабыз. Керек болсо, биз Кыргыз өлкөсүнүн бюджетинин эсебинен эки орусиялык канал көрсөтүлсүн деп элдин акчасын кетирип жатабыз. Алардын контентин карагыла, Соловьев отуруп алып, биздин өлкөнү шыбап жатат. Эмнеге биз өзүбүздүн каналдарга кризис учурунда жардам бербейбиз?", - деди Бекешев.






1 |