super.kg logo

Маданият министри музейлерден жоголгон экспонаттарды издөө-иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты

 

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов музейлерден жоголгон экспонаттарды издөө-иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Айнуру Алтыбаева Тарых музейинде жоголуп кеткен эскпонаттар жана Гапар Айтиев музейиндеги жасалмаланган эки сүрөт боюнча кандай иштер жүрүп жатканын жана күнөөлүүлөр кандай жаза тартканын сурады.

Жаманкуловдун айтымында, бул иштердин айрымдары боюнча иш козголуп, иликтөө жүрүп жатканын айтты. "Тарых музейинен жоголгон айрым экспонаттар дүйнөлүк биржаларда сатылганы тууралуу маалыматтарды угуп калып жатабыз. Гапар Айтиев музейинен жоголгон эки сүрөттүн түп нускасы табылган жок. Сүрөттөрдүн алмаштырылышы боюнча күнөөлүүлөр анын ордун толтуруп берүүгө даяр. Жакында чечим кабыл алынат", - дейт министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: