super.kg logo

Күйөөсү уктап жаткан аялына кобраны коё берип, аялын өлтүрдү

 

Индияда күйөөсү уктап жаткан аялына кобраны коё берип, аялын өлтүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Индиялык 27 жаштагы Сураж аттуу мырза эки ирет аялын өлтүрүүгө аракет кылган. Биринчи жолу 2-мартта аялынын уктоочу бөлмөсүнө 5 миң рупийге сатып алган уулуу кара чаар жыланды коё берген. Жылан чагып, анын кесепетинен 25 жаштагы жубайы Утра эки айдай ооруканада дарыланган. Андан соң аны төркүнүнө алып келип, жакындары карап жатышкан. 7-май күнү жубайынын жанында калган Сураж аялы уктап жатканда кобраны коё берген. Бул ирет Утранын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

"Сураж Утранын бөлмөсүндө эч нерсе болбогондой калган. Утранын апасы кызын көрүп кыйкырып киргенде гана ойгонгон. Утраны тез арада ооруканага жеткиришкен, бирок дарыгерлер анын көз жумганын аныкташкан", - деп жазылат полициянын билдирүүсүндө. Утраны алып кетишкенде кобраны таап, өлтүрүшкөн.

Утра каза болгондон бир нече күн өткөндө Сураж анын байлыгын ээлеп калуунун аракетин көргөн. Ошондо гана кыздын ата-энеси күйөөсүнөн шекшип башташат. Тергөөчүлөр Сураждын жыландын ээси менен бир нече ирет байланышканын жана интернеттен жыланды изилдеген видеолорду көргөнүн аныкташкан.

Маалыматка караганда, Утра колунда бар үй-бүлөнүн кызы болгон, ал эми Сураж банкта иштеген катардагы кызматкер, акчага муктаж болгон. Полициянын берген маалыматына ылайык, нике катталып жатканда Суражга 100 чакты алтын тыйын, жаңы автоунаа жана жарым миллион рупий (азыркы курс менен болжолдуу 489 миң 813 сом) белек кылышкан. "Ал ажырашып кетсе, ага берилген септи кайтарып берүүгө туура келет деп ойлогон. Ошол себептен жубайынын көзүн тазалоону чечкен", - дейт полиция кызматынын өкүлү.

Учурда Сураж камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
27.05.2020. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Киного индийский озунчо эле))
27.05.2020. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул кантип озун эркекмин дейт экен акмак десе аялынын аркасына жашынып мансапка жетейин деген экенда
27.05.2020. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошо эле жылаанга кайра озун чактырат элем мен. Адам эмес экен да. Байкуш айалына эле жаман болду.
27.05.2020. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адамдар акча десе эмнелерди гана кылып жатат тообо
27.05.2020. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ак үйгө койо берүү керек экен ошол жыландарды.
28.05.2020. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Bekish_94, алар жыланды деле оной эле жиликтеп жеп койушат. Же жиликтегенден да зээригип бутун бойдон жутушат.
27.05.2020. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жажда мести- деген кинодо байлыгын алып калуу учун крокодилге туртуп жиберет го.Ошондой болуптур да.
28.05.2020. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аманатка кыянат болуп,андан коро ажырашып кетсе болмок,аялдын жанын кыйнап жыланга чактырбай.Эми озун жылан чакмайынча аялынын кыйналып олгонун,башынан откормойунчо жерде орун жок шакалга
28.05.2020. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кургур......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: