Сапар Исаков: "Кыргызстандагы акыркы окуялар ШКУнун саммитине таасир этпейт"
Кыргызстанда болуп өткөн акыркы окуялар Бишкекте өтчү ШКУнун саммитине таасир этпейт. Бул тууралуу Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков 5-сентябрда билдирди. "Кумтөр" жана кара тумоого байланыштуу орун алган акыркы окуялар ШКУнун саммитине терс таасир этпейт",- деген Исаков учурда иш-чарага даярдык көрүү жүрүп жатканын айтты. "Уюмга мүчө бардык мамлекеттердин башчылары саммитке катыша тургандыктарын билдиришти",- деп кошумчалады ал.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















