super.kg logo

Ат-Башы жана Жумгал райондорунда коронавирус менен ооругандар калган жок

 

Буга чейин коронавирус менен оругандардын 128и сакайып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми 169 адам учурда бейтапканаларда дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымат жыйын берип жатып айтты.

"Облус боюнча Ат-Башыда 77, Ак-Талаада 19, Жумгалда 14, Нарын шаарында 163, Кочкордо 11, Нарын районунда 13 адам жугуштуу илдетке чалдыккан. Ат-Башы жана Жумгал районунда бейтаптар толугу менен сакайып чыгышты. Бүгүн Нарын шаарында 14 бейтап үйлөрүнө чыгышат. Учурда Ак-Талаада 19, Кочкордо 8, Нарын шаарында 130, Нарын районунда 12, бирөө төшөктө жаткан оорулуу болгондуктан, үй шартында изоляцияга алынган.

Жалпы 169 адам дарыланып жатат. Ал эми обсервацияда 123, үй карантининде 381 адам бар. Ооругандар менен контакт болгондордун саны 1 миң 590 адамга жетип, тилекке каршы бир адам каза болду. Өкүнүчтүүсү ооругандардын ичинен медицина, милиция кызматкерлери, мамлекеттик, муниципалдык тейлөө ишканаларынын кызматкерлери дагы бар. ПЦР анализдер облус аймагындагы көчмө лабораториялардан чыгарылып жатат. Жалпы облус боюнча 1 миң 443 орун даярдалган", - деп билдирди өкүл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: