"БеспределKG" баракчасынын администраторуна козголгон кылмыш иш токтотулду

"Урматтуу тарапташтар, мага карата козголгон кылмыш ишинин жабылгандыгы тууралуу расмий кат алдым. Бул кылмыш иши силердин колдооңор болбогондо, такыр башка нукка бурулуп кетери анык эле. Эмнеге мен мындай айтып жатам? Мен айтпай эле коёюн, мага биринчи күндөрү абакта отурганда кандай гана кысымдар болгонун. 4-5 күндөн кийин гана коомдо жана социалдык тармактарда чоң нааразычылык жаралганда мага болгон мамиле өзгөрдү.Сөз эркиндиги боюнча айтсам, сөз эркиндиги Конституцияда гана каралган эмес, сөз эркиндиги ар бир адамга Кудайдан берилген. Сөз эркиндиги ар бир адамга өзүн коргосун, ар бир адам өз бактысы үчүн күрөшсүн деп берилген. Бул cөз эркиндиги баалуулугубузду эч ким бизден тартып ала албайт.
Менин азыр эң чоң байлыгым бул силердин ишенимиңер. Мен бул ишеним менен өзүн жерде пайгамбарга же Кудайга теңеп, элди коркутуу, үркүтүү менен башкарам дегендер менен күрөшөм. Алардын акчасы бир күнү түгөнөт, а биздин ишеним Кыргыз өлкөсүнүн жаркын келечегине эч качан өчпөйт", - деп билдирүү жазды ал.
Белгилей кетсек, Автандил Жоробеков 2019-жылы 24-ноябрда социалдык тармактагы жазган постунда "аймактар аралык кастыкты козуткан" деген жүйө менен кармалган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.