super.kg logo
  Спорт  

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион машыгуу үчүн ачылды

 

Чектөө иш-чараларын (карантин) этабы менен алып салуу, ошондой эле дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн объекттеринин ишин калыбына келтирүү максатында 27-майдан тарта Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада чуркоочу жолчого машыгуу өткөрүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, стадиондо санитардык ченемдер, эрежелер, гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралар сакталат. Ошондой эле коронавирус инфекциясынан коргонуу максатында машыгуучулар 1 жарым метр аралыкты сактап, машыгуусу кажет. Кызматкерлердин жана машыгуучулардын дене табын контактсыз көзөмөл жүргүзүү тартиби уюштурулат.

Бардык каалоочулар күнүгө саат эртең менен 06:00дөн 09:00 го чейин, кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин стадиондо машыга алышат. Кирүү акысыз. Кирүүчүлөр спорттук бут кийим менен гана киргизилет.

20-мартта коронавирус пандемиясынан улам Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиону убактылуу жабылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: