super.kg logo

Жайыл районунун жол кыймылынын инспекторунун өлүмү боюнча ички иликтөө башталды

 

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторунун каза болгондугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Азырынча белгисиз себептерден улам Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторунун каза болгондугун белгилейбиз. Аталган факты Жайыл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш процессинин жүрүшүндө окуянын кандайча болгондугун жана себептерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы окуянын чоо жайын ачык жана так иликтөө максатында кызматтык иликтөөлөрдү баштады", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин айрым жергиликтүү басылмалар Жайыл районунун жол кыймылынын инспектору өзүн-өзү башка атып салганы боюнча өздүк булактарына таянып жазып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: