super.kg logo
  Спорт  

Зинедин Зидан Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы эң мыкты машыктыруучу деп табылды

 
Хосеп Гвардиола
Карло Анчелотти

Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу 47 жаштагы Зинедин Зидан Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы эң мыкты машыктыруучу болуп табылды. Бул тууралуу "Squawka" басылмасы жарыялаган.

Маалыматка ылайык, Зидан Чемпиондор Лигасын катары менен үч жолу жеңип алган жалгыз машыктыруучу (2016, 2017 жана 2018-жылдары). Зидан бул турнирде жалпысынан 26 оюнда жеңишке жетишкен.

2-орунга англиялык "Манчестер Сити" футболдук клубунун учурдагы башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола жайгашкан. Ал "Барселона" футболдук клубу менен Чемпиондор Лигасын эки жолу жеңип алган (2009 жана 2011-жылдары).

Ал эми 3-орунду англиялык "Эвертон" футболдук клубунун учурдагы башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти ээледи. Ал Чемпиондор Лигасын үч жолу жеңген. Тагыраагы, "Милан" клубу менен эки жолу (2003 жана 2007-жылдары, "Реал Мадрид" клубу менен бир жолу (2014-жылы) жеңип алган.

"Squawka" басылмасынын жарыялаган рейтингинде Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы эң мыкты 5 машыктыруучусу төмөндөгүчө:

1. Зинедин Зидан - ("Реал Мадрид);

2. Хосеп Гвардиола - ("Барселона", "Бавария", "Манчестер Сити");

3. Карло Анчелотти - ("Парма", "Ювентус", "Милан", "Челси", "ПСЖ", "Реал", "Бавария", "Наполи", "Эвертон");

4. Жозе Моуринью ("Порту", "Челси", "Интер", "Реал", "Манчестер Юнайтед", "Тоттенхэм");

5. Луи ван Гал ("Аякс", "Барселона", "Бавария", "Манчестер Юнайтед").






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: