super.kg logo

"Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасында абоненттер үчүн бирдиктүү сall-борборлору иштеп баштайт

 

"Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын астында абоненттер үчүн бирдиктүү Call-борборлору иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда холдингдин башчысы Айтмамат Назаров брифинг учурунда билдирди.

"Энергетиктерге карата коомчулук, парламент, кээде өкмөт тарабынан деле көп дооматтар коюлуп келет. Буга негизги себеп маалыматтын жетишсиздиги болсо керек. Эгер маселе канчалык ачык болуп, ордунан чечилип турса, наарызычылыктар болмок эмес. Ошондуктан жакында Call-борборлору уюштурулат. Абоненттердин бизге коюлган меселеси жок дегенде 50 пайызга чечилсе дагы чоң жылыш болмок.

Мисалга алсак, эң жөнөкөй эле жарык өчүп калса, абоненттер "эмнеге өчүп калды, кайра канчада күйгүзөт?" деген суроолорго маалымат жок. Ал нерсени кимге чалып, каяктан тактоо керектигин да билишпейт. Эми жакында өлкө боюнча "Улуттук энергетикалык холдинг" жана анын туунду компаниялары болгон 9 ишкананы бириктирген бирдиктүү терезе иштейт, анын алкагында Call-борборлору дагы ачылат. Анда жарандар өлкөнүн бардык булуң-бурчунан маалымат алуу же кандайдыр бир маселесин чечүү үчүн кайрыла тургандай иштеп чыгып жатабыз", -
дейт Айтмамат Назаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: