super.kg logo

"Кыргыз жараны тажикстандык аялды атып койгон". Тажик тараптын берген маалыматын Кыргыз чек ара кызматы четке какты

 

Бүгүн, 27-май күнү массалык маалымат каражаттары Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматына таянып, Кыргыз жараны тажикстандык аялды атып койгондугу тууралуу маалымат тараткан. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы аталган маалыматты чындыкка жатпайт деп билдирди.

"27-май күнү Баткен районундагы Жака-Өрүк айылында Баткен жана Исфара чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, бардык маселелерди териштирүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Эки тараптын өкүлдөрү тең массалык маалымат каражаттарына тараган окуянын объективдүү иликтенүүсүнө кызыкдар экенин билдиришти. Аталган факты боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тарапты такталбаган маалыматты таратпоого жана окуяга объективдүү баа берүүгө чакырды. Учурда Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Тажикстандын чек ара кызматында Кыргыз жараны Исфаранын тургунуна ок чыгарганы жазылган. Тажикстандын чек ара кызматынын берген маалыматына ылайык, окуя бүгүн орун алган.

"Көк-Таш айылынын Ак-Сай аймагынын тургуну Соат Бахтибеков исфаралык Шукрона Шароповага карата ок чыгарып, аял оң билегинен жаракат алып, ооруканага түшкөн", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
27.05.2020. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тажик деген соз - тежик деген создон келип чыккан окшойт...
27.05.2020. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеси болсо да тынччылык болсун!90-жылдардагы кыргыз өзбек урушун ортодогу башка күчтөр эле, кыргыздын кийимин кийип өзбекти, өзбектин кийимин кийип кыргызды өлтүрүп,уруш чыгарган дешет,дагы ошондой болуп жүрбөсүн
27.05.2020. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тажикстан менен чектешкен аймактагы посттордун баарын жаап салса көрөт элек. Келип кыргыздын таманын опконун.
28.05.2020. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чоң курсактар чек ара маселесинин чечип коюшса болот, отуруп алып эле тантыгандан башка иши жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: