super.kg logo

25-майдан баштап Каракол шаарында коомдук транспорттор өз ишин жандантты

 

25-майдан баштап Каракол шаарында коомдук транспорттор өз ишин жандантты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Облустук жол кыймылынын кызматкерлери өздөрүнө тагылган милдеттерин таӊкы саат алтыдан баштап аткарышууда. Алар Каракол шаардык муниципалдык автобазанын администрациясы менен бирдикте, саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык талаптарын кыйшаюсуз аткаруу боюнча коомдук транспорттордун айдоочуларына күнүнө түшүндүрүү иштерин өткөрүшөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыккан жобого ылайык, айдоочулар жана жүргүнчүлөр санитардык эрежелерди сактоого тийиш. Коомдук транспортко кирүүдөө ар бир жүргүнчү бет капчан болушу зарыл. Автоунаанын отургучтун санынан 60 пайыздан ашырылбай салынууга тийиш. Аталган талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында жол коопсуздугунун тескөөчүлөрү тарабынан тийиштүү рейддер өткөрүлүп турмакчы. Эгерде талаптардын аткарылбагандыгы аныкталса, анда мамлекеттик тийиштүү органдар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенишкен мекемелердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат.

Каракол шаардык муниципалдык автобазанын администрациясы билдиргендей, бүгүнкү күндө шаарда 50-55 коомдук кичи автобустар 13 каттамда иш алып барышууда", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.






Ысык-Көлдө коомдук транспорт ишке чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: