super.kg logo

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын ардагерлери бийликке кайрылышты

 

Кыргыз Республикасынын президентине

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасына

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын ардагерлеринен

АЧЫК КАЙРЫЛУУ

Урматтуу өлкө жетекчилери! Акыркы мезгилде биздин уулубуз, академик Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичке бир ууч топтун жалган жалаа жаап, куру доомат коюп жатканын, мындай ээнбаштыкка жана адепсиздикке тиешелүү органдардын чара көрбөй жатканы биздин сабырыбызды түгөтүп баратат. Илимпоз, мамлекеттик ишмер катары өлкөгө эмгеги сиңген адамды минтип кодулоо, мазактоо, ур-тепкиге алуу акылга сыйбаган нерсе.

Биз мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек. Сыймык Жапыкеев баштаган топтун үрөй учурган чакырыктары башаламандыкка, жапайычылыкка жол бербейт деп ким кепил боло алат? Мындай коркунучтуу аракеттерге УКМК тиешелүү аракетин көрүшү керек эле. Мындай чакырыктардан улам, эртең кокус экиге бөлүнгөн тарапташтар радикалдуу кадамдарды жасап жиберсе ким жооп берет?

Элибиздин ийгилиги ынтымакта. Биз үчүн эң баалуусу – бул ынтымак. Биздин угушубузга караганда Кубанычбек Жумалиевге карата текшерүүлөр башталыптыр. Маалымат катары айта кетели, 2005 жана 2010-жылдардагы төңкөрүштөн соң бийлик башында жүргөн аткаминерлер өлкөдөн качкан кезде Кубанычбек Жумалиев өзүн коррупцияга аралашпаган тазалыгы менен өлкөдө калган. 2 төңкөрүштөн соң жалаачылардын демилгеси менен 2 ирет катуу текшеришкен. Колго илинээр бирдеме таппаганынан жана элдин колдоосунан улам, бүгүнкү күндө да Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттык кызматын аткарууда. Мурунку убакта бийликте жүргөнү үчүн гана текшерүүлөр боло турган болсо, анда бир нече жүздөгөн адамдарды текшерүү керек. Кубанычбек Жумалиевдин биздин элге жасаган эмгегин элибиз унута элек. Таш-Көмүр – Кара-Жыгач кара жолун өз аракети менен асфальт жолго айландырган. Бул бир гана мисал. Коронавирус илдети каптаган кечээки эле кырдаалда четте турбай, элге колдон келген чоң жардамын берип жатты.

Көпчүлүгүбүздө “бай жаман” деген түшүнүк калыптанып калгандай. Мындай ишкер адамдар болбосо, жумуш орундары кайдан түзүлөт, мамлекетке салыктар кайдан түшөт? Кумтөр сыяктуу кен байлыктар, “Автомаш” сыяктуу заводдор, нечендеген насостук станциялар жана башка толуп жаткан мүлктөр тонолду. Кубанычбек Жумалиев ишканаларды куруунун үстүндө аракеттенип жүрөт. Акыркы эле бир мисал, Таш-Көмүр шаарына жакын жерде цемент заводун курууда. Бул завод ишке кирсе көптөгөн адамдар жумуш орундары менен камсыз болот. Өлкө бюджетине ири салыктар түшөт. Элибиз үчүн эң керектүү курулуш материалы болгон цементтин баасы төмөндөйт. Ар бир адам бирөөгө сын айтуудан, жалаа жабуудан мурда “мен мамлекет үчүн эмне жасап койдум?” деп өзүнө суроо берсе жакшы болмок. Мындай уулубузду коргоп алууга биздин да кудуретибиз жетет. Биз аксакалдык кылып, сабыр тутуп, иштин акырын байкап туралы деп чечкенбиз. Жол тосуу, митинг уюштуруу сыяктуу жол менен мамлекетке түйшүк арттырбайлы деп турабыз.

Урматтуу өлкө жетекчилери, сиздерден калыстыкты, адилеттүүлүктү күтөбүз. 107 аксакалдын атынан Ак-Жол аймактык Аксакалдар кеңешинин төрагасы Төлөгөн Абасов.



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(28)
28.05.2020. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Ууланар жеп атканда каякты карап аттынар Ак жолду аксакалдар
28.05.2020. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ур тепки деп алыптырго.тообо
28.05.2020. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ар ким эле уурдап жеген,коррупционер,паракор уулдарын уурсуна жердешчиликке карап коргой берсе ким жоопкерчиликти алып соттолот.Анда бизге закондун эмне кереги бар.Жооп берсе деп уурдагандар боюнча.
28.05.2020. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Кайактан чыга калдынар аксакалдар, уурдаганын толосун силерге окшогон кок сакалдарлын айынан Кыргызстан онукпой атат
28.05.2020. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Картайганда уйунордо ысык чайынарды ичип отургулачы... Уулунар урдаган акчасын толосун
28.05.2020. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Ушинтип ууру, корупционерди коргоп атсанар анан ак сакал эмес ак шакал дейбизда! Карыганда кошоматчылык кылбай калыс болсонуздар боло
28.05.2020. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
ЧАКУРУК кылып бергиле деп ак сакалдарга акча берген окшойт
28.05.2020. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аксакалдардан акыл кетти жаштардан намыс кетти дечу беле же болбосо оозу кыйшык болсо да хандын баласы суйлосун болуптур да
28.05.2020. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Дежурный чалдар жөн эле жүрүшсө болмок. Элдин көзү жетти да Жумалиев ким экенине. Айылындагы бир ууч чалдарды чогулта калган тура чай пайын берип. Ушундай кошоматчы эки жүздүүлөрдүн айынан алдыга жылбай атабыз да. Калыс сүйлөй турган аксакалдарыбызга чейин сатылган акчага. Эхххх
28.05.2020. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Makul,сатып алды акшакалдарды
28.05.2020. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
107 дейт кана фамилиясы, колу? Жалпынын атынан суйлогон жооп берет. Баягы дежур окшойт.
28.05.2020. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Дежур чалдар туугандары чыга берсе биз такыр онукпойбуз,аял чал экенине карабай ууруну коргосо сабаш керек.
28.05.2020. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эээ кой Жумалиев чыккан жеп жутар.Бул бийликке да аз калды го дейм кетишине.
28.05.2020. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бул ууруларың тойгончо жеп өлгөнчө карганат деген мына ушул да.
А.Келдибеков бир грамм бизнеси жок, бирок чириген бай деп камалып кеткенде өзүнүн туулуп өскөн жери Алай эли Ошко келип митинг кылышкан, акчага.

Атамбаев камалганда өзүнүн айылы Арашан эли Кой-Ташка барып кайтарып турушту акчага.

Эми Жумалиевдин акчага азгырылган ак сакалдары защита кылып чыгып жатышабы?

28.05.2020. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
-BOSS-,эн туура Келдибековда бет жок
28.05.2020. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менин билишимче Жумалиев Аскар Акаевге кайын болуп кетет беле, ошондо тубу Таластан болуп калатта, анан кантип Аксынын кулуну болуп калды, Роза Амановага уйлоно коюппу. Ак сакал кок сакалдар кадырынар кайда калды.
28.05.2020. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Жумалиев да КР учун Аксы учун кыйла иш кылган. Бир жаман десе жамандап жатып каласынар. Жакшы десе мактап. Жакшы жактарын да карагыла да. Ал киши ото жонокой адам.
28.05.2020. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
souza.j, Жакшы болуп корунуш баарынын колунан келет миллиондорду жеп кичине жакшы иш кылып койсо эле жакшы болуп калабы
28.05.2020. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биздин уул эле, биздин уруунун баласы эле, тайкем эле, байкем эле деп ар ким озунукун коргой берсе кыргыз деген эл калбайт. Жарымы кытай, жарымы озбек, жарымы тажик, казак болуп кетебиз аз кундо.
28.05.2020. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кысталак бул чалдарды да сатып алган экен да бул академик сөрөй
28.05.2020. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баягы эле дежур чалдар, уят эмеспи аксакалдар.
28.05.2020. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кысталак азыр аксаклында оз ордун билбей баратат бул Чалдардын ооздоруна акчадан тыгып койгон экненда аксакалындыскейин
28.05.2020. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Карыганда, улгайып жаш откон кезде Адам калыс болуп, чындыкты айтып насаат коргозуп, керээз создорун айтып турушса биздин Ак сакал аталарыбыз. Жумалиев биртке Акча берип койсо уулубуз деп коргобой. Жумалиев башталышы эле, мындай кылып уулубуз деп коргой берсек анда бийликтегилер жей берсин коркпой эле.
28.05.2020. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чалдар суйлой берет Жумалиевди камаш керек байлыгын элге таратыш керек
28.05.2020. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акшакалдар экен анык.
29.05.2020. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шордуу кыргызым ай ушуга окшогон жегичтердин айынан балдарыбыз менен тентип журот турбайбызбы .олсо горго алып кете тургандай мынча байлыкты эмне кылат экен акмак .Розасын атын атагым келбей калды .жемкорлор Аллах жазанарды берсин ылайым
29.05.2020. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчага алданып, ак сакал атынар очуп ак шакал болуп калганынарга окуном. Коментарийлерди кантип окуйсунар эми небере чоборонор менен!
30.05.2020. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уурдаганын билбейм,бирок иш кылганы анык.Уурдаганын диванный эксперттер деле билбейт,эл дурбосо эшек кошо дурбоптур болбогула.Ал академик,тырмагына да тен келе албайсынар,анын алдында индюк сымал куйкулдап гана каласынар.Ал илим изилдеген илимпоз адам катары сыйлайм.Коррупциялык иши барбы жокпу аны сен жана мен билбейбиз жана чече албайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: