super.kg logo

Транспорт министрлигинин 3 кызматкери кармалды. Алар мамлекетке 10 миллион сомдон ашык чыгым келтирген деп шектелүүдө

 

Транспорт министрлигинин 3 кызматкери коррупциялык схемаларды түзгөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Ош-Бишкек мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери "Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө пунктунда жайгашкан айдоочулар акы төлөп өтүүчү автоматташтырылган системди өздөрүнүн пайдасына колдонуп жүргөн.

"Автоматташтырылган системден өтүүдө айдоочуларга коюлган тариф белгиленген тартипте алынып турган. Бирок шектүүлөр унаага тиешелүү маалыматтарды өзгөртүү менен өздөрү үчүн акча ашыруу схемасын ишке ашырышкан. Дирекция кызматкерлеринин айдоочулардан акча алып, бирок аны автоматташтырылган системдин базасына кошпой койгондугу тууралуу Финполдун сүрөт түрүндөгү далилдери бар.

Аталган өткөрмө пункттарындагы маалыматтар (мамлекеттик номурлуу унаанын түрү, чет жактан келген номурлуу унаалар, бюджетке түшкөн акча каражатынын көлөмү) Транспорт министрлигиндеги жетекчилерге келип турган. Бирок алар тараптан эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Натыйжада 2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 1-мартына чейин мамлекетке 10 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген. Белгилей кетүүчү нерсе, бул бир эле өткөрмө пунктунан түшкөн акча каражаты болгон"
, - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, учурда "коррупция" беренеси боюнча иш козголуп, Ош-Бишкек мамлекеттик дирекциясынын үч оператору кармалган. Ал эми аткаминерлердин арасынан бул ишке катыштыгы барлар Финпол тарабынан такталып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.05.2020. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурдагы транспорт министринин орун басары бекеринен 50 миң доллар пара талап кылган эмес экен да.
28.05.2020. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу постторду да көбүрөөк чукуп
текшеришсе көөп акча чыкмак канчалаган унаа кирип чыгат
28.05.2020. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштегиле ушинтип, мамлекет сызга отуруп жатканда булардын кылганы кудайга дагы жакпайт!
28.05.2020. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy tekwerse osh bishkek jolun owol jerden otkon mawinalardyn alchasyna ele salyp buturup koymokpuz
29.05.2020. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дайым откондо 350 толойм ошондо алар жейт экенда а мен болсо жолго деп берип атам иттер экенго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: