super.kg logo

"Бир жылкы өлсө эле дүрбөлөңгө түшө бербегиле". Ветеринардык инспекциянын башчысы Түп районунда текшерилген жылкылар жөнүндө айтты

 

Түп районунда ооруп өлдү делинген жылкыдан сасык тумоо оорусу аныкталды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.

"Социалдык тармакты колдонгондун өзүнүн дагы маданияты болушу керек. Элди дүрбөлөңгө салып, эч кандай жоопкерчиликти сезбей мындай видеону жайылткан туура эмес. Түп районунда өлгөн жылкы боюнча биз толук изилдөөлөрдү жүргүздүк. Атайын ошол жылкыдан алынган кан, ички органдарынын баарын текшердик. Ал жерде болгону төрт жылкы бар экен. Төртөөнөн тең алдык. Азыркы учурда үчөө тирүү. Жылкылардан сасык тумоо оорусу аныкталды. Азыркы учурда дагы изилдөөлөр жүрүп жатат. Башка жерлерден жылкылардын мындай оору менен өлгөн учурлары катталган жок", - деди Калысбек Жумаканов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: