super.kg logo

"Boieng" компаниясы эки жолу кыйрагандан кийин токтоткон 737 MAX учагын кайра чыгарууну жандандырды

 

"Boieng" компаниясына тиешелүү болгон 737 MAX учагы эки жолу кырсыкка кабылгандан кийин компания аталган учакты чыгарууну токтоткон. Эми компания бул учакты чыгарууну жандантат. Маалымат компаниянын сайтына жарыяланган.

"Азыркы кырдаалга байланыштуу өндүрүштүн көлөмү төмөн. Биз жумуш ордунда коопсуздукту камсыз кылуу жана учактардын сапатын жогорулатуу боюнча кошумча чараларды көрдүк. "Boieng" ушул жылы 737 MAX учагын көбүрөөк өлчөмдө чыгарууну көздөп жатат", - деп жазылган билдирүүдө.

Акыркы жылдары дүйнөдө бул учак менен эки кырсык катталды. Бири 2018-жылдын октябрь айында Индонезияда кулап, 189 адам набыт болгон. Дагы бири 2019-жылдын март айында Эфиопияда кулап түшкөн. Бул кырсыктан 149 жүргүнчү жана экипаждын сегиз мүчөсү каза болгон.

Бардык жагдайларды изилдеп чыккандан кийин, компаниянын жетекчилиги кулаган эки учактан тең маневрдик мүнөздөмөлөрдү өркүндөтүү тутумунда туура эмес иштешкендигин моюнга алган. Коопсуздук максатында көпчүлүк өлкөлөр бул учакты колдонууну токтотушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: