Орусияда коронавирус менен ооруган дарыгер 100гө жакын бейтапты кабыл алган
Орусиянын Амур облусунун Тында шаарында шаардык ооруканада иштеген дарыгерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Ал инфекция аныкталганга чейин жүзгө жакын бейтапты кабыл алган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Тында шаарынын мэри Марина Михайлованын айтымында, дарыгер коронавируска каршы тест тапшырып, анын жыйынтыгы чыкканча 100гө жакын бейтапты кабыл алган. Азыркы учурда дарыгер ооруканада дарыланып жатат. Ал тесттин жыйынтыгы чыкканча үйүнө баргандыгы дагы аныкталды.
Мындан тышкары шаар мэри өлкө бийлигинен дарыгерлерди коронавирус инфекциясына карата тест тапшырып, жыйынтыгы чыккандан кийин гана жумушка чыгарууну суранган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.