super.kg logo

Бразилияда 11 жаштагы баланы өлтүрүп, жансыз денесин эски үйгө катып койгонго шектелип апасы кармалды

 

Бразилиянын Планалту шаарынын Александра Дугокенски аттуу жашоочусу өзүнүн баласын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Ага ылайык, Дугокенски 11 жаштагы баласын ууландырып өлтүрүп, андан соң жансыз денесин мурун жашап кеткен үйүнө алып барып жашырып койгон. 16-май күнү полиция кызматына кайрылып, уулунун дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ал полицияга баласы акыркы жолу өзүнүн бөлмөсүндө болгонун, бирок анын эшиги ачык бойдон калып, өзү жок экенин айткан.

"Анткен менен соттук-медициналык экспертиза үйдөн жана баланын өгөй атасынын унаасынан баланын канын табышып, Дугокенски кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө чындыгында баласы дайынсыз жоголгон эместигин, таасири күчтүү дарыларга ууланганын айтып берген. Мындай жорукка баласынын эмоционалдык кыйынчылыктардан жапа чегип жүргөнү себеп болгон. Баласы ууланып каза болгондон кийин аял аны ошол аймакта жайгашкан эски үйүнө алып барып салган", - деп жазылат маалыматта.

Жергиликтүү полиция кызматынын башчысы Надин Афлор жеке өзү бул кылмышка шектүү аялды тергөө аяктаганга чейин камакка алууну соттон өтүнгөн. Анын айтымында, аялды баласын өлтүрүүгө күнөөлүү деп табуу керек, азыр айыптоочу тарап бул иш тууралуу далилдерди топтоп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: