Валерий Кичин "Торпедо" командасы менен коштошту

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын коргоочусу Валерий Кичин москвалык "Торпедо" клубунан кетет. Бул тууралуу аталган клубдун сайтына жарыяланды.
"Коргоочу Валерий Кичиндин "Торпедо" командасы менен түзүлгөн келишиминин мөөнөтү аяктады. Валерага кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана анын алдыдагы оюндарына ийгиликтерди каалайбыз!" - деп жазылган билдирүүдө.
Валерий Кичин "Торпедо" командасына ушул жылдын февраль айында Беларусь өлкөсүнүн "Динамо Минск" командасынан келип кошулган. "Торпедо" командасынын курамында Кичин үч оюн өткөргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:01
2025-09-08

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.