super.kg logo

"1-июндан баштап кезектешип сейилдешсе болот". Москва шаарынын мэри карантинди 14-июнга чейин узартты

 

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин шаардагы карантин режимин 14-июнга чейин узартты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Бирок мэр 1-июндан тартып эрежелерге өзгөртүүлөр кирерин билдирген. Маселен, аталган шаарда 1-июндан баштап автосалондор, кийим-кечек, үй-тиричилик буюмдары сатылган дүкөндөр иштей баштайт. Мындан тышкары шаардын жашоочуларына көчөгө сейилдөөгө уруксат берилет. Анткен менен Собянин социалдык аралыкты сактоо жана объектилерди тынымсыз дезинфекциялап туруу башкы талап экенин билдирген.

"Сатуучулар да, кардарлар да бет кап, кол кап кийиши керек" деген ал.

Июнь айынын башталышы менен бут кийим оңдогон жайлар, химиялык тазалоо өңдүү кызматтар да ишин жандантат. Шаарда мурда дем алыш сайын өткөн жарманкелер да кайра ишин улантат. Сейил бактар ачылат, велосипеддерди ижарага берип иштегендерге уруксат болот.

"Мэр шаар ичинде сейилдөөгө уруксат берди, бирок анын белгиленген убактысы бар" деп жазылат маалыматта. Азырынча анын убактылары белгисиз. Бирок Собянин президент Владимир Путин менен жолугушканда элди сейилдөөгө кезек-кезеги менен чыгарса боло тургандыгын айткан. "Үйлөргө карата сейилдөөчүлөрдүн кезегин түзсөк болот. Антпесе бардык жашоочулар бир учурда чыгып, оорунун жайылышын шарттайт", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
28.05.2020. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1-июнду чыдамсыздык менен кутуп жаттык эле да ,олду го бул жагы
28.05.2020. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
altynka95, көчөгө чыгып, бактарга барып сейилдөөгө уруксат бериптир, ушунусуна да шугур
28.05.2020. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Сергей Собянин омурун узун болсун.Кыргыздар келип оз мекенинде иштегиле.Иш деген толтра Россияга эле качышат.Давай домой.
28.05.2020. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
KalenAlmaz, бул жактагы мекендештерибизди жумуш менен камсыз кыла албай атабыз го. Мүмкүн болсо чет жердеги мекендештер Кыргызстанга келбей, иштеп тургула Кыргызстанда жашоо оор
28.05.2020. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Krai,туура азырынча Кыргызстанга келбей эле жумуш болсо ошол жакта иштеп тургула. Кыргызстан элди багып жумуш таап бере албайт. Мамлекеттик кызматта иштеген жөнөкөй адамдар айлыгыбызды толук ала албай отурабыз азыр.
28.05.2020. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1 июнда иш ачылат
28.05.2020. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маселен?
28.05.2020. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ресторан кафе, салондор, тц, кийим кече саткан магазиндерди эле жабып коюуп карантин деп, Кыргызстандагыдай катуу болбоду, орустар баары самсаалап жүрүшөт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: