Депутат коронавирус боюнча иштер эффективдүү болбой жатканын айтты
Депутат Марлен Маматалиев коронавирус боюнча иштер эффективдүү болбой жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кабыл алынып жаткан иш-чаралар эффективдүү болбой жатат. Коомдук транспорттордун ишке киришинин аягы эмне менен бүттү. Ушул боюнча иш-чараларды толугу менен карап чыксаңыздар.
Башка мамлекеттер сырттан жарандарды алып келердин алдында экспресс-тесттерди ошол жакка жиберип, текшерип анан алып келишет экен. Ооругандарды өзүнчө, оору жукпагандарды өзүнчө алып келишет. Анткени алар келгенче бири-бирине жугузуп келишет да. Бул тажрыйбаны бардык өлкөлөр колдонуп жатышыптыр", - деди Маматалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















