super.kg logo

Бишкекке электр энергия менен жүрүүчү автобустар алынат

 

Бишкек шаарынын транспорт жана жер саясаты боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Анда Бишкек шаарына электр энергия менен жүргөн автобустарды алып келүү долбоорунун даярдыктары боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, электр энергиясы менен жүрүүчү 350 автобус долбоорун тез аранын ичинде ишке ашыруу керектиги айтылды.

"Вице-мэр учурдагы шаар көчөлөрүндөгү абалды түшүндүрүп, экологияга зыян келтирбеген коомдук унаалардын жүрүшү маанилүү экенин белгилеп өттү. Ал жалпы суммасы 50 миллион долларды түзгөн долбоор Финансы министрлиги тарабынан алдын ала жактырылганын билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин шаар мэри Азиз Суракматов электр энергиясы менен жүрүүчү автобустарды алуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукканы жана анда гранттык жана насыялык каражаттардын эсебинен көп орундуу 350 автобус алуу боюнча макулдашуулар жүргүзүлгөнү маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
29.05.2020. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарымын жеп туруп, шпатлёвка тарткан автобустар келбесе эле болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: