super.kg logo

Чек ара чырында күйгөн үй кандай курулуп жатканын сүрөттөрдөн көрүңүз

 

Чек ара чырында өрттөлгөн турак үй курулуп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашып, абалды чагылдырган сүрөттөр менен бөлүштү.

"8-майда Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган чыр-чатактын кесепетинен толугу менен өрттөлгөн турак үйдүн курулушу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө курулушка мамлекет тарабынан жетиштүү акча каражаты бөлүнгөн.

Буга чейин ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов үйсүз калган үй-бүлөнүн муктаждыгын кечиктирбей чечүү максатында, тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөй, курулушту баштоо, турак үйдү күз айларына бүткөрүү боюнча Баткен районунун жетекчилигине тапшырма берген", - деп айтылат маалыматта.

Турак үйдүн өрттөлүшү боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Баткен-Согди облустарынын тийиштүү укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр аныкталып, чыгымдын орду толтурулат.

Эске салсак, 8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче, чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Тажик тарап чыр-чатак учурунда чек араны чок ортосунда жайгашкан кыргыз тарапка тиешелүү үйдү да өрттөп жиберишкен. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.

Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган. Ал 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор экени айтылган.

Ал эми окуя боюнча эки өлкө тең бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга чейин Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Тажикстан нотага жооп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(8)
28.05.2020. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Чыгымды тажиктер төлөш керек. Тергөө бүткөндө алар мойнуна албай коюшса эмне болот. Кайра өрттөп жиберсечи
28.05.2020. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ийгилик,
28.05.2020. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ошол жерге уйлорду кобойтуш керек, копчулук жашаса тажиктерда тийише албай калат.
28.05.2020. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Жазасын алат тегеренип баштарына мынданда жаман кун келет тажиктердин ахывалына маймылдар ыйлайт,уйду орттогондун омур бою журогу орттонсун.
29.05.2020. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бийликтин каражат бөлгөнүн көрбөптүрмүн
29.05.2020. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тынар менен Ташиев жардам берди
29.05.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек арада жашап ар кошуналарданок жеп азаптанып жаткандардын убалы биздин 120 барандар менен өлүктөн айрымасы жок өтурган.жер сатар эл сатар ларга тийсин убалы .шакалдар элдин акчасына сүткө тойгон торпоко окшоп жатышат
31.05.2020. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев менен Тынар бул демилгени которгондо каякта журду эле окмот менен Алишер Абдрахманов? Жок дегенде эээн алдына кошуп койсонор болмок Ташиев менен Тынарды!!! Таяр аштын жечуусу коп болуптур да!!! Неси болсо да уйун бутуруп бергиле,анан мактана бергиле силерди уккан адам деле жок озу!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: