super.kg logo

Бишкекте түн ортосунда телефон уурдаган жаран кармалды

 

Бишкекте түн ортосунда телефон уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-май күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Б.К. аттуу жаран тарабынан Сүйүмбаев жана Жумабеков көчөлөрүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен телефон уурдалды деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматы барып, маалыматты тактаганда, Б.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 02:50 чамасында белгисиз жаран үйүнө кирип, 3 телефонун уурдап кеткендигин билдирген.

Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында 1985-жылы туулган А.А. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Текшерүү учурунда 3 уюлдук телефон унаасынын ичинен табылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү качып, артынан кууган кызматкерлер Алма-Ата көчөсүнөн кармаган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөн. Учурда териштирүү жүрүүдө",
- деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: