Баткен облусунда оруп-жыйноо иштери башталды




Баткен облусунда оруп-жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-майда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак, Алга айыл аймактарында кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери башталган. "Аталган аймакта бүгүн 2 гектар жерде арпа орулуп, жыйналды. Жалпысынан Кадамжай районунда 2 миң 870 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген. Адистер арпа гектарынан 35 центнерден алынып жатканын айтышат. Былтыркы жылы түшүм гектарынан 28 центнерден алынган.
Негизи Баткен облусунда 2020-жылдын түшүмү үчүн 20 миң 702 гектарга күздүк кылкандуу дан эгиндери эгилген. Анын 7 миң 902 гектары буудай, 12 миң 797 гектары арпа", - деп билдирди басма сөз кызматынын өкүлү.
Белгилей кетсек, жыл сайын Баткен облусунун Кыргыз-Кыштак, Алга айыл аймактарынын климаты ысык келгендиктен, аталган аймактарда облуста эле эмес, республика боюнча оруп-жыйноо иштери биринчилерден болуп башталат.



1 |