Жарандык активист Калича Умуралиева пара алууга шектелип кармалганы маалымдалууда
Жарандык активист, "Шаардагы сейил бактар" ишканасынын директору Калича Умуралиева пара алууга шектелип кармалганы маалымдалууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булак билдирди. Ошондой эле айрым жергиликтүү маалымат агенттиктери да бул тууралуу жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Умуралиева акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган. Бирок ал күнөөсүн моюнга алган эмес.
Жогорудагы маалыматтын чын-бышыгын УКМК ырастай элек. Калича Умуралиеванын өзүнөн азырынча комментарий алууга мүмкүн эмес болуп жатат.
Белгилей кетсек, жарандык активист Калича Умуралиева 2019-жылдын 27-майында "Шаардагы сейил бактар" ишканасына директор болуп дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
umarbey

28.05.2020. 19:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул аялды токтоосуз камаш керек. Накта нпошник аял ушул. Жургон жерине эч качан чоп чыкпаган эже. Жалан ызы-чуунун чордонунда журот. Калича эжеден парктарды ондор ийетдеп кутуунун керегт жок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.